Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тенгиз Бөлтүрүктү “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу кызматынан өзү жазган арыздын негизинде бошотту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Буга чейин Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингине жетекчи болуп дайындалганы белгилүү болгон.
Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган жана Бөлтүрүк убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.