• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Б.Мамбетов: Өзбекстан сууну өз каалаганча колдонуп, суу сактагычка жакын жашаган 20 өзбек үйбүлөнү иштетет

13 Бештин айы 2017 18:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.12.2017.Govori.TV.

Орто-Токой суу сактагычын  Өзбекстанга берип салдык десек болот. Себеби, КМШ өлкөлөр ортосунда келишим болгон ошол келишимдин негизинде 1992-жылы эле Орто-Токой суу сактагычын өзүбүзгө өткөрүп алышыбыз керек болчу. Бирок, биздин бийилик Өзбекстан менен мамилебиз жакшы болуш керек деп алышкан эмес эми 25 жылдан кийин убакыт келип суу сактагычты алышыбыз керек. Ал суу сактагыч бир кезде советтер союзунун акчасына курулган. Экинчиден суу сактагыч биздин Ала-Бука районунун тереңинде туруп Өзбекстан чек арасынан 14 километр аралыкта жайгашкан, деп Govori.TV агенттигине экс-вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов айтты.

«Мисалы Таластагы Киров суу сактагычы Казакстандын чек арасынан 14 километр Талас өрөөнүнүн тереңинде турат. Бирок, ал суу сактагычты ошол убакытта эле өзүбүзгө кайтарып суу ресурстарын Казакстанга берип келебиз.Былтыр 2016-жылдын 6-октябрында президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президенти Мирзиёев менен жолукканда мен Орто-Токой суу сактагычы ж.б.  маселелерди  чечип келишиңиз керек деп кат жазгам. Бирок, ортодогу мамилени сактап калыш үчүн Атамбаев койгон келишим менен Орто-Токой суу сактагычын кайтарат экенбиз. Мунун негизинде Өзбекстан сууну өз каалаганча колдонуп суу сактагычтын жанында жашаган 20 өзбек үйү суу сактагычка иштегенге  мүмкүнчүлүктөрү болот»,-дейт Б.Мамбетов.

Анын айтымында, Орто-Токой суу сактагычы биздики болгондо гана суунун канча пайызын биз колдонуп калганын Өзбекстанга беребиз аны келишимдин негизинде гана  ишке ашыра алабыз. Мисалы Таластагы Киров суу сактагычынын 10% пайызын биз колдонсок, 75% пайыз сууну Жамбылга өткөрүп беребиз. Казактар келишимдин негизинде чыгымдарды төлөп беришет.

«Бир кезде Өзбекстандан келип Ала-Буканын чек арасынан өтүп суу сактагычка барып иштеп жаткан элдерди киргизбөөгө аракет кылышкан. Ал суу сактагычты бизге өткөрүп берсин деген ой болгон. Анда дагы президент Акаев  антпегиле, биз өзбектер менен жакшы жашап жатабыз, Каримовдон тил укпайын деп токтотуп койгон. 15-20жыл мурун биз аракет кылып суу сактагычты алганга жакындап калганда токтотуп койгон»,-деди экс-вице-премьер-министр

Базарбай Мамбетовдун маалыматында, Кыргызстан өзүнүн территориясында курулган 8 суу сактагыч, 12 бетондуу канал менен Өзбкстанга суу берип турат.

«Камправат деген чоң суу сактагычты биздин территорияга курулган, СССРдин келишими менен аны дагы биз алышыбыз керек эле, бирок бул боюнча суу департаментти кыймылдаган эмес.Эгерде ушундай менен жүрө берсек 8 суу сактагыч, 12 бетон суу каналды да өзбектерге өткөрүп беребиз. Азыр Атамбаев келишимди жокко чыгарып Орто-Токой суу сактагычын бизге өткөрүп бересиңер деш керек. Биздин мүлк болгондон кийин өзбектерге суу бергенде жок дебейбиз да. Келишимдин негизинде алып турса болот да»,-деди Базарбай Мамбетов.

Количество просмотров: 202