Баш мыйзам кыргыз тилинде жазылат. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин жетекчиси Бекбосун Бөрүбашев билдирди.
Анын айтымында, Баш мыйзамды кыргыз тилинде жазуу үчүн тилчилер, окумуштуулар тартылып жатат.
«Конституциянын алгачкы тамгасынан баштап кыргызча жазалы деп чечтик. Ошол үчүн биз арабызга көрүнүктүү окумуштуулар, тилчилерди чакырдык. Колубуздан келишинче кыргыз тилинде жазабыз», — деди Бөрүбашев.