• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Конституциялык кеңешме өз ишин жыйынтыктады

27 Үчтүн айы 2021 20:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-январда бир катар талкуулар жана өзгөртүүлөрдөн кийин ишибизди жыйынтыктадык. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Баш мыйзамдын жаңы долбоору дагы эки-үч күн каралгандан кийин Жогорку Кеңешке жиберилет.

«Жаңы долбоорду кеңешменин 67 мүчөсү колдоп кол коюп берди»,-деди Бөрүбашев.

Баш мыйзамдын жаңы долбооруна ылайык, аткаруу бийлиги президенттин карамагына өтүп, министрлер кабинетин президенттин аппаратынын жетекчиси башкарат.

Парламент депутаттарынын саны 120дан 90го кыскарат. Ошондой эле Элдик курултай деген жаңы институт киргизилди.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору 118 беренеден турат. Ал 2020-жылы 17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутаты жазып коомдук талкууга чыгарган долбоордун негизинде даярдалган.

Количество просмотров: 64