• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бөрүбашев: Жаңы долбоорго парламент депутатынын мандатын чакыртып алуу мүмкүнчүлүгү кирди

26 Үчтүн айы 2021 14:20 Бишкек Govori.TV

Баш мыйзамдын жаңы долбооруна Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын чакыртып алуу мүмкүнчүлүгү киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Бөрүбашевдин айтымында, Конституциянын жаңы долбоорунда эл бийлиги күчөтүлдү.

«Конституциянын негизги өзгөчөлүгү — эл бийлиги. Биз аны күчөтөйүн дедик. Парламент депутаттарынын мандатын чакыртып алуу мүмкүнчүлүгүн киргиздик. Баш мыйзамды түзгөнгө аракет кылдык», — дейт ал.

Белгилей кетсек, коомдук талкууга коюлган өлкөнүн негизги мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн президенттин м.а Талант Мамытов Конституциялык кеңешме чогулткан. Анын курамына юристтер, депутаттар, манас таануу, кыргыздардын руханий дүйнөсү жана салттуу билим боюнча адистер, коомдук ишмерлер кирген.

Количество просмотров: 71