• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Бөтөлкөсү 50 долларлык «алтын» кошулмасы бар суу компаниясы Ташкент мэринин кызына таандык

21 Бирдин айы 2022 16:54 Бишкек Govori.TV

Murad Buildings компаниясынын негиздөөчүсү Мурод Назаров журналисттерге берген интервьюсунда алтын менен байытылган «Ocard» маркасында суу чыгарган компания Ташкенттин мэри Жахонгир Артыкхожаевдин кызына таандык экенин айтты.

Ишкер Мурод Назаров жакында «Ocard» суусунун жарнамалык ролигинде Жеймс Бонддун ролун аткарган.

Журналист бизнесменден: «Сиз «Ocard» суусун рекламалап жатасыз. Бул марка сизге тиешелүүбү?» деп сураган. «Жок, ал Жахонгир Артыкхожаевдин кызына таандык. Көбү рекламага тартылууга чакырышат, бирок биз актер эмеспиз, рекламалык агенттик эмеспиз. Бирок «Ocard» суусун жарнамалоого бир телефондук чалуу үчүн гана макул болдум», —деген Назаров.

Бизнесмендин айтымында, рекламаны Жеймс Бонддун образында тартуу сунушун Жахонгир Артыкхожаев берген. Анын өтүнүчү менен Назаров раклама үчүн акча алган эмес.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, «Ocard» компаниясынын түзүүчүсү Жахонгир Артыкхожаев. Буга чейин бир бөтөлкө «Ocard» суусу 515 миң сум (50 доллардын тегереги) турары айтылган.

Количество просмотров: 310