Еврокеңештин төрагасы Антонио Коста жана Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен 3-4-апрелде биринчи жолу Евробиримдик-Борбор Азия саммитине катышуу үчүн Өзбекстанга барат. Саммитти Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өткөрүп, ага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан лидерлери катышат. Бул тууралуу Евробиримдиктин Өзбекстандагы өкүлчүлүгү билдирди.
Саммитте ЕБ эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө жана Борбордук Азия менен аймактык кызматташтыкты кеңейтүүгө геосаясий кызыкчылыкты көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Еврокеңештин төрагасы Антонио Коста ЕБ үчүн эң жакшы чечим тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү илгерилетүү үчүн күчтүү өнөктөштүктү куруу экенин айтты.
Саммиттин жүрүшүндө ЕБ өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө, анын ичинде транспорт жана санариптик коммуникациялар, чийки зат жана энергетика тармагында кызматташууну кеңейтүүгө умтулуусун ырастоого ниеттенүүдө.
Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү Евробиримдик менен Борбордук Азиянын ортосундагы жогорку деңгээлдеги мамилелер акыркы жылдары активдешип, эки лидердин жолугушуусу 2022-жылдын октябрында Казакстанда жана 2023-жылдын июнь айында Кыргызстанда өткөнүн эске салат.