• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы талапкерлердин тизмесин бекитти

19 Баш оона 2020 20:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-августта “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын кезексиз курултайы өттү. Анда партиянын саясий кеңешинин жаңы курамын бекитүү, жаңыланган программасын кабыл алуу жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесин бекитүү каралган.

“Бүтүн Кыргызстанды” партия лидери Адахан Мадумаров баштап барат. Ошондой эле тизменин алдыңкы катарында саясатчылар Темир Сариев, Исхак Масалиев, Ишенбай Кадырбеков, Зиядин Жамалдинов, Самат Ибраев, генералдар Өмүрбек Суваналиев, Курсан Асанов, илимдин докторлору Айнагүл Кожогулова, Венера Акматова,  партия активистти Айгүл Сатарова бар.

Бул арада интернет колдонуучулар саясий партияда жаштар дээрлик жок экенин, баягы эле эски жүздөр чогулганын жазышууда.

Количество просмотров: 4166