• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бүтүрүүчүлөр аттесттарын алышты

24 Кулжа 2020 15:40 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк жана жалпы орто билим жөнүндөгү аттестаттарды 18 жана 20-июнь күндөрү алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы 105 689 күбөлүк (9-класс) жана 60 533 аттестат (11-класс) берилди.

«Билим берүү жана илим министрлиги бул жылы биринчи жолу орто жана жогорку окуу жайларды бүткөндүгү жөнүндө документтердин бирдиктүү үлгүсүн даярдап, аны коомдук талкууга койду.

Мурдагы кемчиликтердин алдын алуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, жогорку окуу жайлар менен биргеликте ведомстволор аралык топ тарабынан бирдиктүү мамлекттик документтерди иштеп чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай Билим берүү жана илим министрлиги бардык документтерди өз убагында шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүн жеткирип берди.

Количество просмотров: 63