• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Баңгизат чегип алып каттамга чыккан айдоочулар аныкталды

15 Баш оона 2022 14:32 Бишкек Govori.TV

Коомдук тронспортторго карата жүргүзүлгөн рейд учурунда баңгизат чегип алып каттамга чыккан айдоочулар да аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү таң эрте шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташыган маршурттук унааларды, кичи автобустарды жана троллейбустарды текшерүүгө алып, бир канча кемчиликтерди аныктады. Жалпысынан 110 миң сомго айып салынды.

«Текшерүү учурунда эртең менен каттамга чыгаарда наркология бөлүмүнөн жана техникалык көзөмөлдөн өтүүсү, ошондой эле коомдук унаанын санитардык абалы талаптарга ылайык келүүсү каралып, техникалык жактан кемчиликтер, мыйзамсыз орнотуп алган кошумча жабдыктар өңдүү жана башка укук бузуулар аныкталды. Жыйынтыгында Ат-Башыга каттаган №575-маршурттук унаанын айдоочусу баңгизат каражаттарын чегип алып каттамга чыккандыгы аныкталып, тийиштүү протокол толтуруу менен унаасы убактылуу айып короо жайына токтотулду»,-деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан троллейбустар, техникалык бузуктары жана кошумча жабдыктар менен жабдылган маршурттук унаалар аныкталган.

Количество просмотров: 947