• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Баңгизат кылмышы боюнча 3 милиция кызматкери кармалды

22 Баш оона 202312:39 Бишкек Govori.TV

ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы үч милиция кызматкери кармалды.  Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Орусиянын жараны милиция кызматкерлери жана дагы бир адам 20-апрелде Бишкекте кафелердин биринде ага “гашиш” делген баңгизатын ыргытып, кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 315 миң сом алганын айтып арыз жазган.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголгон.

«21-августта ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан Чүй облустук милициясынын Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында иштеген М.Ч., С.А. жана А.А. аттуу кызматкерлери кармалды», — деп жазылат билдирүүдө.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Количество просмотров: 91