Ысык-Көлдүн Бостери айылында киши колдуу болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча кылмышты жашырууга шектүү катары дагы 2 милиция кызматкери кармалды. Маалыматты Ысык-Көл облустук милициядан тастыкташты.
Билдирүүгө ылайык, кармалган эки шектүү ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери. Алар 23-августта убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Бүгүн алардын бөгөт чарасы каралат.
Белгилей кетсек, буга чейин шектүү катары ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 3 кызматкери кармалган.
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Эске салсак, 6-августта Ысык-Көлдө 23-жаштагы жигит каза болгон. Маркумдун жакындары акыйкат издеп президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жолдошкон.
ИИМдин маалыматы боюнча, аталган ишти иликтөө учурунда 100 адам сурамжылоого алынып, алардын ичинен 44 киши күбө катары көрсөтмө берген. Алардын арасынан айрым күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жалган болуп чыккан. Жалган көрсөтмө берген күбөлөрдүн иш-аракетине укуктук баа берилери айтылган.