Бүгүн, 19-августта Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов сатып алынган атайын техника жана жабдуулар менен тааныштырды.
“Көп жылдардан бери мамлекеттик деңгээлде маданий иш-чараларды өткөргөнгө заманбап техниканын жоктугу көйгөйлөрдүн бири болгон. Мисалы, 2018-жылы Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн сахна, LED-экран, жарык берүүчү жана үн күчөтүүчү атайын жабдууларды 5-6 мамлекеттерден алынып келинип, ижара акысына 2 млн доллардан ашык каражат коротулган. Азыр болсо Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жаңы заманбап техника өзүбүзгө алып отурабыз. Бул деген иштин илгерилешине чоң түрткү берди. Өзүңүздөр көрүп турган жабдуулар Франция жана Кытайдан жалпы 15 жүк ташуучу унаалар менен алынып келинди. Эми алынган техниканы иш жүзүндө 31-август күнү Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33-жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунунун 100-жылдыгына арналган чоң салтанатта күбө боло аласыздар”, — дейт министр.
Техника жана жабдуулардын тизмеси:
Белгилей кетсек, Маданият министрлигине мамлекет тарабынан материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн 446 млн. сом каражат бөлүнгөн. Азыркы учурда алынган техниканын баасы 350,6 млн. сомду түзөт.