• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖМК боюнча жаңы мыйзам: Сунуштар эске алынабы?

26 Баш оона 202415:50 Бишкек Govori.TV

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорунун коомдук талкуусу аяктап, президенттик администрацияга жөнөтүлдү. Аталган мыйзам долбоор бир нече жолу кайра иштелип чыккан соң, 9-июлда коомдук талкууга коюлган.

Бул мыйзам долбоорунун таржымалы мындай. Президент Садыр Жапаров «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы атайын жумушчу топ түзгөн. Президенттик администрациянын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон.

Бирок президенттик администрациянын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуштарын акыркы бешинчи вариантка киргизген эмес. Ошондо алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзам долбоорун мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.

Жогорку Кеңешке киргизилип, айрым комитеттерде колдоо тапкан бул документти эл аралык жана жергиликтүү уюмдар сынга алган. Эгер “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунун ушул варианты кабыл алынса, ЖМКлар кайра каттоодон өтүп, аны Юстиция министрлиги жүргүзмөк. Каттоо үчүн үч документ — арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим талап кылына баштамак. Ошондой эле ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керектиги жазылган.

13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылган.

29-мартта “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов менен эксперттер, журналисттер жолугушкан. Жыйында министр эки айдын ичинде мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгып, президенттик администрацияга жиберүү керектигин айткан.

Атайын түзүлгөн жумушчу топтун акыркы жыйыны 28-июнда болгон.

Жумушчу топ иштеп чыккан долбоордо онлайн платформалар жана маалымат каражаттары милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүш керек деген талап алып салынып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган. Жаңы редакцияда маалымат каражаттарынын жоопкерчиликтен бошотуу жагдайлары такталган.

Ушундан кийин кайра иштелип чыккан мыйзам долбоору президенттин атынан сунушталып, 9-июлда коомдук талкууга коюлган.

Сөз эркиндиги, көз карандысыз ЖМК үчүн абдан маанилүү бул мыйзам долбоорунун мындан аркы абалын да байкап турабыз.

Количество просмотров: 128