• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК: Ат-Башыда атайын техника сатып алуудагы коррупциялык схема ачыкталды

31 Жалган куран 202610:39 Бишкек Govori.TV

УКМКдан билдиришкендей, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагына жаңы атайын техникаларды сатып алууда мамлекетке 5 млн 363 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Тактап айтканда, 2025-жылдын апрель айында Ат-Башы айыл аймагында жаңы таштанды ташуучу унааны жана жаңы кран-манипуляторду сатып алуу боюнча тендер жарыяланганы аныкталган. Натыйжада, «В» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, жалпысынан 10 млн 863 миң сомго келишим түзүлгөн. Көрсөтүлгөн атайын жабдуулар «Ат-Башы Тазалык» муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүлүп берилген.

Эксперттик баалоо боюнча, тендерден кийин жеткирилген таштанды ташуучу унаанын шасси номери өзгөртүлгөн, унаа 2019-жылдан берки тетиктер жана компоненттер менен жабдылган жана салону кайра сырдалган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аныкталган зыяндын орду толтурулуп, тендердин квалификациялык талаптарына жооп берген 5 млн 363 миң сомдук, 2025-жылы чыгарылган жаңы Dongfeng таштанды ташуучу унаасы алынып келди.

Количество просмотров: 140