УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ноокат шаарында жайгашкан Ноокат автобекети муниципалдык менчикке кайтарылды.
УКМКнын маалыматы боюнча, тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында 2000-жылдары жалпы аянты 0,52 га болгон Ноокат автобекети жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталган.
Аталган объектти сатуунун негизги максаты Ноокат районунун калкын автовокзал катары тейлөөнү камсыз кылуу, тиешелүү шарттарды түзүү, анын ичинде аймакты асфальттоо, айдоочулар үчүн кафе жана бөлмөлөрдү куруу жана оңдоо, жашылдандыруу ж.б. болгон. Бирок, ушул убакка чейин келишимде көрсөтүлгөн пункттардын бири да аткарылган эмес жана коммерциялык максатта колдонулган.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча автобекеттин азыркы ээлери Б. К., Ш.В., И.Ж., У.А. жана О.Н. мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын моюнга алышып, базар баасы 350 млн. сом административдик имараты бар жер тилкесин Ноокат шаарынын мэриясынын балансына ыктыярдуу түрдө өткөрүп беришти.
УКМК жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.