• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Баатыр эне» жана «Эне даңкы» сыйлыктары 1585 энеге ыйгарылды

14 Бугу 2022 14:37 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыктарга ылайык, өлкөнүн көп балалуу энелери «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйланышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 12-беренелерине ылайык, «Баатыр эне» ордени менен жети жана андан ашык баласы бар жана аларды толук тарбиялаган 921 аял сыйланды.

Ал эми «Эне даңкы» медалы менен алты баласы бар жана толук тарбиялап жаткан 664 аял сыйланды.

Количество просмотров: 328