• Дүйшөмбү 27 Аяк оона 2021

Баатыр эне

1 сентября 2021 в 14:58 Бишкек Govori.TV

Баатыр эне наамы улуу атамекенди согуш учурунда пайда болгон. Анткени ошол убакта өлкөдө калкты калыбына келтирүү чон маселе эле. Азыр да бул наам биздин өлкөдө бар. Ошол тема боюнча кеп кылмакчыбыз.

Ырысалиевдердин үй -бүлөсү Бишкектин четинде турат. Элмира сегиз баланы тарбиялаган баатыр эне. Алардын үчөөсү эрезеге жетип, өзүнчө үй-бүлө курганга жетишти. Калган жашы жете элек балдары үчүн Эльмира айына 4000 сом жөлөк пул алат.

Ал эми өлкөнүн эң бийик тоолуу аймагында, Нарын шаарында – Абдиллаевдердин үй -бүлөсү жашайт.

Мамлекет Гүлмиранын үй -бүлөсүн жакыр деп таанып келет. Жети баласы үчүн жалпысынан 8500 сом алат.

Тапкан каражатты, Гулмира эң керектүү нерселерге жумшоого мажбур, ошонун айынан балдарынын талантын толук ачууга абдан эле кыйын.

Ошондо мамлекет тарабынан медалды тапшыргандан башка женилдиктер каралбаптыр

Бюрократиялык тоскоолдуктардан улам Баатыр эне эч кандай жөлөкпул ала албаган учурлар да кездешет.

Жаңы окуу жылга даярдоо өзгөчө оор учур. Анткени, ошондо үй-бүлөлүк бюджет ашыкча чыгымга учурай турган кез.

Бүгүнкү күну  баатыр энелерге жөлөкпул төлөөнүн абалы төмөнкүдөй.

Ал эми коңшу Казакстанда “баатыр эне” наамынын ээси бир айда 18 жарым миңден ашуун тенге алат. Пенсия курагын күтпөстөн дароо алат!

Энеге жана балдарга кам көрүү – бул улуттун генофондун сактоо дегенди түшүндүрөт. Мамлекет медалдарды тапшыруу жана кооз сөздор менен чектелбей аларды материалдык жактан камсыздоо маселесин чечиши керек. Бул учурдун башкы талабы!

Количество просмотров: 107