• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Талиева: Баатыр энелерге кошумча 5 миң сомдон төлөп берүү керек

20 Чын куран 2023 12:58 Бишкек Govori.TV

Депутат Камила Талиева Баатыр энелерге пенсиясына кошумча 5 миң сомдон төлөп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Баатыр энелер демографиялык көрсөткүчтөрдү жогорулатууда салымы чоң. Бул моралдык жактан колдоо болмок. Бул маселени министрлер кабинетинин деңгээлинде карап, аларга 5 миң сомдон төлөп берүүнү суранам. Азыр болгону 1 миң сом каралган. Инфляцияны эске алып, сумманы көтөрүүнү суранам», — деди Талиева.

Белгилей кетсек, «Баатыр эне» ордени менен жети жана андан ашык баланы төрөп, тарбиялаган энелерге, ошондой эле балдары «Кыргыз Республикасынын эң жогорку даражадагы айырмачылык даражасы менен сыйланган энелерге ыйгарылат.

Количество просмотров: 416