Замирбек Эсенамановго жана Бейшенаалы Нурдиновго депутаттык мандат тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков жана депутат Руслан Чойбеков мандатынан ажыратылды. Замирбек Эсенаманов Руслан Чойбековдун ордуна, Бейшенаалы Нурдинов Алмазбек Баатырбековдун ордуна депутат болот.
Эске салсак, буга чейин Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга «Кыргызстан» фракциясынан депутаттары Руслан Чойбеков менен Алмазбек Баатырбеков Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу тууралуу арыздары келип түшкөн