• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Баатыры миң, башчысы бир». Жапаров Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган иш-чарада сөз сүйлөдү

31 Баш оона 2022 13:14 Бишкек Govori.TV

“Байтик баатырдай баатырларыбыз, эл башкарган мыктыларыбыз миңдеген жылдардан бери кыргызды чачыратпай, элдүүлүктү жок кылбай, бейиштей болгон жерибизди душмандарга алдырбай сактап келди”, — деп белгиледи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, XIX кылымдын көрүнүктүү саясий ишмери, кыргыз элинин кызыкчылыгынын активдүү коргоочусу Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада.

Мамлекет башчысынын сөзүндө төмөнкүдөй айтылат:

“Кадырлуу калайык калк!

Кыргызстандын жети дубанынан келген урматтуу меймандар!

Касиеттүү Сары-Өзөн – Чүйдүн кадырлуу аксакалдары!

Биз ар дайым эгемендигибизди туу тутуп, эл-жерибиздин көз карандысыздыгы үчүн канын азык, каруусун казык кылып күрөшкөн ата-бабаларыбызды сыймыктануу менен эскерип, арбагына багыштап куран окуп, алардын Ата Журт алдында өтөгөн кызматын кийинки муундарга жеткирүүнү ыйык парз деп билебиз!

Бүгүнкү ыйык эгемендүүлүк майрамыбызды салтанаттуу белгилөө күнүнө кыргыз элинин чыгаан инсандарынын бири, айтылуу Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесинин башталышы туш келип отурат.

Байтик баатыр тууралуу сөз кылардын астында мен баарыбыз үчүн ыйык саналган Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен жалпы кыргызстандыктарды куттуктап кетейин. Эгемендигибиз кут болсун, урматтуу мекендештерим!

3000 жылдык карт тарыхыбызда Байтик баатырдай эл башында турган эчендеген эрендерибиз өткөн. Элибизде “Баатыры миң, башчысы бир” деген накыл сөз бекеринен айтылып калган эмес! Байтик баатырдай баатырларыбыз, эл башкарган мыктыларыбыз миңдеген жылдардан бери кыргызды чачыратпай, элдүүлүктү жок кылбай, бейиштей болгон жерибизди душмандарга алдырбай сактап келди. Бүгүнкү улуттун улуу күнүндө эркиндик үчүн күрөшкөн элибиздин эрдигине, эл башындагы баатырларына, журт башкарган даанышман башчыларына таазим кылам!

Бүгүн биз Байтик баатырдын мааракесин майрамдап жаткан касиеттүү Сары-Өзөн-Чүй жергеси – бүтүндөй өлкө жарандарын кучагына батырган, улутту бириктирген өзгөчө дубан.

Касиеттүү өрөөнүбүз соңку 200 жыл аралыгында болуп көрбөгөндөй өзгөрүп, ордо калаабыз Бишкек жайгашкан ынтымактын, биримдиктин борборуна айланды. Мына ушул ынтымактын, биримдиктин үрөнүн өз убагында Байтик баатыр сээп, анын учугун биз улантып жатканыбызга сыймыктанабыз! Бул өрөөндө, борбор калаабызда ынтымак өкүм сүрсө, жети дубанда биримдик артаарына өлкө башчысы катары терең ишенем!

Мааракеге келген урматтуу меймандар!

Кадырлуу калайык калк!

Кыргыздын кылым карыткан тарыхында, тагыраак айтканда, 19-кылымда Байтик Канай уулунун кыргыз эли, кыргыз жери үчүн ээлеген орду, кылган кызматы өзгөчө экенин жакшы билесиздер.

Бирок мен бүгүн Байтик баатырдын тарыхка бай, өрнөктүү өмүр баянына кеңири токтолбой эле коёюн. Ал тууралуу сиздер теле-радиолордон, жалпыга маалымдоо каражаттарынан, интернет булактарынан кеңири маалымат алып жатасыздар. Мен алардын айрым урунттуу учурларын гана тизмектеп өтүүнү эп көрүп турам.

Биринчиден, Байтик баатырдын эл башына келиши карт тарыхыбыздагы көндүм көрүнүштөрдүн бири. Элибиз эл сынагынан өткөн мыктыларына, эркиндикти туу туткан тайманбас баатырларына, рух-дөөлөтүн алып жүргөн даанышмандарына, элди ийитип сүйлөгөн сөзмөрлөрүнө, өз элине кам көргөн берешендерине, келечекти көрө билген көсөмдөрүнө ишеним артып, бийликтин эки тизгин, бир чылбырын тапшырышчу. Байтик баатырда бул сапаттардын баары болгонун ал тууралуу баяндардан билебиз. Ал өз доорунун бардык сынактарынан өткөн.

Байтик баатыр Таластагы таякелеринде жүргөн санжыргалуу санжырачы, даңазалуу манасчы Балыкооз Кумар уулу менен таанышып, жакындашып, Чүйгө келгенге көндүрөт. Чүйгө келгенден тарта ага өзгөчө кам көрөт. Өмүрүнүн аягына чейин Балыкооздон санжыра угуп, улуу Манас баянын көкүрөгүнө сиңирип, рух-дүйнөсүн байытат. Манастын күчү Байтик баатырдын канында айланып, жүрөгүнөн түбөлүк түнөк тапканы анын ар бир аракеттеринен көрүнүп турат. Бардык жарандарыбызга, өзгөчө мамлекеттик кызматкерлерге, саясатчыларыбызга Байтик баатырдай Манас дастанын терең билип, анын мекенчил, мамлекетчил идеясын алып жүрүүгө чакырат элем!

Экинчиден, Байтик баатыр ар дайым эркиндикти туу туткандыгы менен өзгөчөлөнүп турган инсан. Ал эки доордо жашады. Кокон хандыгынын доорунда ордонун адилетсиз аракеттерин көрдү. Эл башына түшкөн мүшкүлдөргө, эсепсиз чогулткан салыктарга каршы туруп, акыры Пишпек чебинин башчысы Рахматулла бектин көзүн тазалады. Орус аскерлеринин жардамы менен элди азапка салган Пишпек чебин жер менен жексен кылды. Доор добушун даана сезе билген көсөмдүгү жана элдик дипломатияны чебер пайдалана билгендиги менен Байтик баатыр элин бөөдө бүлүнүүдөн сактап калган.

Анын аракети бүгүн биз үчүн өзгөчө өрнөк, мыкты сабак!

Үчүнчүдөн, Байтик баатырдын келечекти көрө билген көсөмдүгүн баса белгилеп кетким келет! Ал өз доорунун алдыңкы инсаны, лидери катары коомдун күрөө тамырын сезе билген. Байтик бабабыз алыс-жакындан аалым-молдо, мударистерди алдырып, бала окутуп, идиреги барлардын кат-сабатын жоюуга аракеттенген. Дыйканчылыкка да маани берип, Ала-Арча суусунун айрылышынан: чыгышынан Бишкекке, батышынан төмөнкү Кара-Коого чейин ондогон өстөн, арыктарды чаптырган чарбакерчилиги да эл оозунда айтылып келет. Келечекте өнүгүү шаар менен байланыштуу экенин сезе билип, көчмөн элди отурукташууга үндөгөн. 1867-жылы Санкт-Петербургга падыша Александр II нин иш чарасына Түндүк кыргыздарынан өкүл болуп барып келгенден кийин анын көз карашында, аракетинде көп өзгөрүү болгонун ошол кездеги замандаштары жазып калтырышкан. Мекендештеримди Байтик баатыр өңдүү чыгаан инсандарыбыздай өлкөнүн жаркын келечеги үчүн көбүрөөк аракет кылууга чакырат элем! Ал эми биздин азыркы тапта жасап жаткан аракетибиздин бардыгы келечек үчүн жасалууда.

Байтик баатыр жөнүндө сөз кылганыбызда анын Боз-Бөлтөгү – кароол чокусу тууралуу айтпай кетпесек болбос. Байтиктин Боз-Бөлтөгү тегин жер эмес, ал –ата-бабалардан калган, аяр мамилени талап кылган ыйык тарыхый жер!

Себеби, Кароол чокуда ат ойнотуп, кыйырга көз чаптырган учуру болобу, топ жыйынды чакырып, кеңеш курган учуру болобу, Байтик жана анын ата-бабалары элдүүлүк, мамлекеттүүлүк тууралуу түпсүз ой-санаага батып, кыял кылышканын элестете алабыз. Демек, Байтиктин Боз-Бөлтөгү – кыргыз мамлекеттүүлүгү тууралуу улуу тилектер айтылган аруу жер! Керек болсо, мен ал жерди ушул турушу менен тарыхый-маданий мурас деп айтаар элем.

Тоо боорунун ташы менен шагылына кызыгып, ата-бабалардын изи калган, сөөгү жаткан ыйык жайга карасанатайлык мамиле кылсак, Боз-Бөлтөктү бат эле түзөңгө айлатып алабыз, мындай кадамдан сак бололу! Дагы кайталайм, бул жерди маанилүү тарыхый обьект катары сактап калышыбыз керек. Жеке эле Байтиктин кароол чокусу катары эмес, айланасындагы жаратылышты, кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдү дагы коргошубуз керек!

Байтик баатыр жөнүндө көп айтабыз, сый-урмат көрсөтөбүз, бирок ал тарыхта өзүнүн чыныгы ордун таба элек. Дегеним, Байтик атабыздын баскан жолу, ишмердүүлүгү дыкат изилдене элек, тактала элек, ушул сындуу дагы бир топ маселелер бар. Албетте уучубуз куру эмес, Байтик баатырды Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын архивдик документтеринен изилдеп, анын тарыхый портретин ачып бере турган тарыхчыларыбыз, санжырачыларыбыз арбын. Мындай тарыхый милдетти колго алып, майнап чыгарууга мамлекет жигердүү катышат. Демилгечи топтордун кыргызга кызмат кылган атактуу инсандардын тарых-таржымалы боюнча архивдерди казып, иликтеп чыгабы, кереге кеңеш өткөрөбү, музей уюштурабы, тарыхый булактарга таянып китеп чыгарабы, даректүү тасма тартабы, айтор, мындай инсандардын ишмердиги тууралуу кийинки муундарга так маалымат жайылтууну кош колдоп колдойбуз, буюрса.

Кадырлуу калайык калк!

Мына биз бүгүн Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесин, ал өзү “Бел жайлоом” деп даңазалаган Чуңкурчак жайлоосунда баштап олтурабыз.

Бир аздан соң Баатырдын мааракесине арналган аламан байгеге чабылган аргымактар марага келе башташат.

Кезеңинде Байтик баатыр дагы “Ат адамдын канаты” деп, жылкы баласын өтө жогору баалаган. Ал ар бир жылкыга аздек мамиле кылып, кылдат асыраган. Байтик баатырдын даңазасын айтылуу хан Жантай кудасы тартуулаган Көкшалкы аттуу күлүгү чыгарып, Жанкарач бий бийлигин өткөрүп берүүсүнө да себеп болгонун бардыгыңыздар жакшы билесиздер. Байтик баатырдын Керкашка күлүгүн өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Себеби, кыргыз элинин намысына жараган айтылуу күлүк болгонун бүгүнкү күндө дагы узун сабак айтылып, даңкталып келет. Байтик баатыр атасы Канайдын ашында ат чабыш кылганы, анда баш байгеге солто элинин бүт кыл куйругу сайылып, журт намысын колдон чыгарбай алып калган күлүк Керкашка жана анын саяпкери Шергазы уламышка айланып калды.

Мына ошондуктан мааракенин башталышын аламан байге менен баштоону сунуш кылган уюштуруу коммиссиясынын чечимин мен да колдоого алдым. Бүгүнкү салтанаттуу иш-чарада татаал жолдор аркылуу уюштурулган ат чабышта кыргыз жылкысынын артыкчылыгы дага бир ирет даңазаланаарына терең ишенем! Себеби тээ мурдатан эле кыргыз жылкысы байымдуулугу, чыдамдуулугу жана күлүктүгү менен кыйла жерге белгилүү болгон. Билесиздер, 1912-жылы Шабдан баатырдын ашында Токмоктон Кичи-Кеминге чейин чабылган жарышта чет элдин асыл тукум жылкыларын артка таштап, кыргыз күлүктөрүнүн алдыда келиши мунун айкын далили.

Байтик баатырдын 200 жылдык мааракеси көптөгөн улуттук оюндардын: куш салуу, тайган жарыш, жаа атуу сыяктуу улуттук оюндардын коштоосу менен өтүп жатканы да кубандырат.

Биздин эң башкы байлыгыбыз болгон эгемендик майрамыбыз, кыргыз элинин эркиндиги үчүн күрөшкөн Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесинин так ушул жерде улуттук оюндар коштоосунда өтүшү Чуңкурчак жайлоосунун көркүнө көрк кошот. Ага күбө болгон элдин, алыс-жакындан келген меймандардын жарпын жазат. Кудай буюрса, келечекте өзүнүн ажайып жаратылышы менен бул жайлообуз туризмдин очогуна айланат!

Сөзүмдүн соңунда 200 жылдык мааракеси Кыргызстандын көз карандысыздык күнүнө туш келген айтылуу Байтик баатырдын өмүр жолу аркылуу ата-бабаларыбыз көз карандысыздыкка, күнкорсуздукка жетүүдөгү баскан жолун, эгемендүүлүктүн баркы менен баасын чечмелеп, кийинки муундарга жеткирели деп тилек кылам!

Ошол ата-бабаларыбыз далай айкаш-чабыштарды, далай тар жол, тайгак кечүүлөрдү баштан өткөрүп отуруп, бүгүнкүдөй ажайып Кыргызстаныбыз менен меймандос кыргыз элин таберик кылып, эгемен өлкөнү аманат мурас катары калтырышкандыгын балдарыбыз, небере-чөбөрөлөрүбүз да жетик билүүгө тийиш экенин баса белгилейм!

Урматтуу мекендештер, Байтик Баатырдын 200 жылдык мааркесинин башталышы кут болсун!

Жалпы кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен дагы бир жолу куттуктайм!

Байтик баатыр атабыздай эл-жеринин эркиндигин туу туткан эр-азаматтарыбыз чыга берсин!

Өлкөбүздүн булуң-бурчунда жашаган элибизди ынтымакка, биримдикке чакырган бүгүнкүдөй иш-чараларыбыз көп болсун!

Ар бир үйгө бак-таалай конуп, эркин мамлекетибиз өнүгүп-өссүн!”.

Количество просмотров: 361