• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бабанов 5 саатка жакын сурак берип чыкты

20 Баш оона 2019 20:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.08.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 20-августта УКМКга суракка кирип кеткен Өмүрбек Бабанов 5 саатка жакын убакыттан кийин чыкты.

«Он-Адырдагы маселе боюнча сурак бердим. Андагы сүйлөгөн бардык сөзүм элди бириктирүү үчүн болгон. Андан башка эч кандай ой болгон эмес. Мага кызматкерлер тарабынан жакшы мамиле болду. Мен аларга ыраазымын. Азырынча күбө катары сурак берип жатам.

Мага карата ачылган кылмыш иштерине мыйзамдуу түрдө жооп берем, мыйзамдуу түрдө караларына ишенем. 23-августта дагы суракка чакыртылдым. Анда кайсы маселе боюнча сурак береримди келгенде айтабыз дешти», — деди ал.

Бабанов жума күнү кайрадан УКМКга чакырылганын ал эми эртең, 21-августта саат 15:00дө Финполго сурак бергенге барарын кошумчалады.

Эске салсак, кечээ, 19-августта Өмүрбек Бабанов Финполдо сурак берген.

Количество просмотров: 14