Бишкек.20.08.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 20-августта УКМКга суракка кирип кеткен Өмүрбек Бабанов 5 саатка жакын убакыттан кийин чыкты. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ушул жылдын апрель айында келем деп сөз берип келбей калганы жана анын мекенге кайтуусу Атамбаевдин камалуусуна туш келип калганы тууралуу айтты.
«Мен өзүмдүн тарапташтарымды, мени колдогон адамдары курал катары колдонулуп калышын каалаган жокмун»,-деди ал.