• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бабанов “мени тынч койгула” деп суранды

16 Үчтүн айы 2018 9:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.01.18.Govori.TV

Бабанов “мени тынч койгула” деп суранды Саясаттан кеткенин жар салып, Орусияга чыгып кеткен боюнча кайрылып келбеген “Республика-Атажурт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов интернеттен ММКларга кайрылуу жазды.

“Урматтуу өлкөбүздүн массалык маалымат каражаттары! Ар кыл саясий оюндарга мени аралаштырбоого чакырам. Мен саясатта болбой турганымды айтканмын, ушул элимдин алдында айтылган сөзгө турам. Сиздерден суранаарым: такталган маалыматтарды жазсаңыздар. Тилекке каршы кээ бирөөлөр учурдан пайдаланып, жалган маалыматтарды таркатуу менен өздөрүнүн аттарын чыгарып жатышат. Бүгүн болсо “Де-Факто” гезити дагы калп маалымат жазып, аны башка сайттар дагы чыгарышты. “Де-Факто” гезитин макаласын дагы төгүндүккө чыгарууну сурайм”-дейт ал кайрылуусунда.

Эске сала кетсек, жогорудагы басылма саясатчынын Маскөөдө Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов менен издөөдө жүргөн качкын президенттин бир тууганы Жаныш Бакиевге жолукканын жазып чыккан эле.

Количество просмотров: 6