• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бабанов ММКларга кайрылды. Боинг кырсыгына бир жыл Соңку жаңылыктар 16 01 18 (видео)

16 Үчтүн айы 2018 14:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.01.18.Govori.TV

“Мени тынч койгула”

БАБАНОВ ММКЛАРГА КАЙРЫЛДЫ

Бабанов “мени тынч койгула” деп суранды Саясаттан кеткенин жар салып, Орусияга чыгып кеткен боюнча кайрылып келбеген “Республика-Атажурт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов интернеттен ММКларга кайрылуу жазды.“Урматтуу өлкөбүздүн массалык маалымат каражаттары! Ар кыл саясий оюндарга мени аралаштырбоого чакырам. Мен саясатта болбой турганымды айтканмын, ушул элимдин алдында айтылган сөзгө турам. Сиздерден суранаарым: такталган маалыматтарды жазсаңыздар. Тилекке каршы кээ бирөөлөр учурдан пайдаланып, жалган маалыматтарды таркатуу менен өздөрүнүн аттарын чыгарып жатышат. Бүгүн болсо “Де-Факто” гезити дагы калп маалымат жазып, аны башка сайттар дагы чыгарышты. “Де-Факто” гезитин макаласын дагы төгүндүккө чыгарууну сурайм”-дейт ал кайрылуусунда.Эске сала кетсек, жогорудагы басылма саясатчынын Маскөөдө Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов менен издөөдө жүргөн качкын президенттин бир тууганы Жаныш Бакиевге жолукканын жазып чыккан эле.

УКМК  

ТЕРАКТ ЖАСАГАНГА АРАКЕТТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, 30-декабрда террорчулукка каршы жүргүзүлгөн операцияда 1995-жылы туулган Кыргызстандын жараны кармалды.Ал куралдуу жихаддын идеяларын колдоп, өлкө аймагында теракттарды ишке ашырууга даярдык көргөн. Бул үчүн атайын даярдыктан өтүп, жардыргыч заттарды даярдоону үйрөнүп жүргөн.Учурда Кылмыш кодексинин 299-беренесинин 2-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды сактоо, даярдоо жана жайылтуу) боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына камалды.Расмий маалыматка таянсак, Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктар 500дөн ашат. Алардын 140rа жакыны аял, 100гө жакыны балдар. Ушул убакка чейин согуш талаасында 92 кыргызстандык мерт болгон.

Дача-СУ
БОИНГ КЫРСЫГЫНА БИР ЖЫЛ
Бүгүн, 16-январда Дача-СУ айылында Боинг кырсыгынан каза болгондор эскерилет. Бул тууралуу айылдын башчысы Максым Султанов кабарлады. Эскерүү иш-чарасына каза болгондордун жакындары, айыл тургундары катышат. Алар маркумдарга арналып ачылган эстеликке гүл коюп, куран окушат. Белгилей кетсек, маркумдардын туугандарынын демилгеси менен тургузулган эстеликтин ачылышы 13-январда болуп өткөн. Эстелик мрамор таштан жасалып, ортосунан учактын канаты кулап келе жаткандай түшүрүлгөн. Эки тарабына каза болгон 39 адамдын аты-жөнү жазылган. Эске салсак, өткөн жылы 16-январда таңкы саат 07:17 чамаларында түркиялык Боинг-747-400 жүк учагы «Манас» аэропортуна жакын турган Дача-СУ аймагына кулап, анда жергиликтүү 35 тургун, учак экипажынын төрт мүчөсү каза болуп, бир нече үйлөр кыйраган.

 

Количество просмотров: 9