Бишкек. 15.01.18 Govori.TV
Саясаттан да, депутаттык мандаттан да баш тартканын расмий билдирген Өмүрбек Бабанов ал оюн өзгөртүп, саясатта калышы толук мүмкүн. Буга бүгүнкү БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматовдун “Өмүрбек Бабановдон мандатынан баш тартуу боюнча арызы БШКга келип түшө элек. Демек, ал депутаттык ишмердигин улантууда деп айтсак болот. Ал эми анын оозеки мандатынан баш тартуу боюнча кайрылуусу бул расмий кат жүзүндөгү арыз болуп эсептелинбейт”,-деп айтканы негиз болууда.
Президенттик шайлоодон кийин үстүнөн “улут аралык кастыкты жаратууга чакырык жасоо” деген айып менен кылмыш иши козголгон Өмүрбек Бабанов ошентип, саясаттан болгону тайм-аут алып, ойлонуп жаткан чагы.