Ден соолугуна байланыштуу абактан чыкан саясатчы Өмүрбек Бабанов президент Садыр Жапаровдун ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жолугушуусуна катышты.
Эске салсак, Кумтөр долбоорун ишке ашыруу учурунда коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалган Бабанов 2021-жылдын 27-июлда мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов ден соолугуна байланыштуу УКМКнын абагынан бошотулган. Жана ал зарыл болгон дарылоону чет өлкөдө алуу үчүн 10-августта өлкөдөн чыгып кеткен. Москвада дарыланган соң Бабанов 5-сентябрында Кыргызстанга кайткан.
Ал эми бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү менен бинес-коомчулугунун жолугушуусунда «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору тааныштырылып жана талкууланды.
Ошондой эле, ата мекендик экономиканын учурдагы абалы талкууланып, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн жолдору белгиленди.