• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

БАЭ Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам көрсөттү

23 Чын куран 2020 17:35 Бишкек Govori.TV

Бириккен Араб Эмираттары Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам көрсөттү.

«Etihad Airways» улуттук авиакомпаниясынын учагы гуманитардык жардам менен бүгүн, 23-апрелде «Манас» эл аралык аэропортуна конду. Дарыларды жана жеке коргонуу каражаттарды камтыган гуманитардык жардам Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүүгө багытталат.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жардам президент Сооронбай Жээнбеков менен Абу-Дабинин мураскер канзаадасы, БАЭнин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахаяндын 2020-жылдын 6-апрелиндеги телефондук сүйлөшүүсүнөн кийин макулдашылган.

Количество просмотров: 122