«Ала-Арча» жаратылыш паркындагы «Байчечекей» чокусуна чыгып бара жатып жардан кулаган украиналык турист аман-эсен куткарылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, чет элдик жаранды куткарууга 5 куткаруучу тартылган.
Куткаруучулар украиналык туристти «Рацека» альпинисттик лагеринен аман-эсен түшүрүп, Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткиришти.
Белгилей кетсек, күн мурун «Байчечекей» чокусуна чыгып баратып кулаган туристке жардам сурап 112 кызматына билдиришкен.