9-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайынан түшүп келе жаткан беш туристтин бири бутун сындырып алган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Окуя болгон жерге Аламүдүн районунун куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жөнөп кеткен.
Куткаруучулар 10-сентябрга караган түнү деңиз деңгээлинен 2800 метр бийиктиктеги тоодон атайы шаймандардын жардамы менен 36 жаштагы Т.А. аттуу жаранды алып келишип, «тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жабыркаган турист Казакстандын жараны болгон. Анын жанындагы 4 турист жабыркаган эмес.