• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто топурак алдында калган адам куткарылды

24 Жетинин айы 202417:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 24-ноябрь күнү Ош шаарында Амир Темур кичи районунун Х. Абдуллаев көчөсүндө канализация өтүүчү жерди казып жатканда 2006-жылы туулган А.Н. аттуу адамды топурак басып калгандыгы тууралуу маалымат ӨКМдин 112 кызматына түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ал адамды куткаруу иштерин жүргүзүүгө Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар жабыркаган жаранга аба баллонун кийгизип, топурак астынан атайы шаймандардын жардамы менен чыгарышып, «тез жардам» кызматына өткөрүп беришти.

Дарыгерлердин айтымында анын абалы орточо.


Количество просмотров: 183