• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Байчечекей чокусунда калган россиялык 2 альпинист куткарылды (видео)

21 Баш оона 202510:32 Бишкек Govori.TV

Ала-Арча капчыгайынын Байчечекей чокусунан түшө албай калган россиялык 2 альпинист куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 20-август күнү чокуга Ильюшинка 4б маршруту менен чыгып, кайтып келе жаткан Россияын 2 альпинистти караңгыда жол таппай тоодо түнөп калышкан.

Аталган чоку деңиз деңгээлинен 4515 метр бийиктикте жайгашкандыктан куткарууга ӨКМдин AIRBUS H125 тик учагы тартылып, саат 06:55те чокуда калган альпинисттерди тик учак менен Бишкек шаарына саат 07:19да алып келген.

ӨКМдин Апааттык медицина кызматынын дарыгерлери аларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүштү.

Количество просмотров: 169