ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун “Эдельвейс” тоо куткаруучулары “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркынан афганистандык туристтерге жардам көрсөтүп, тоодон түшүрүштү.
Чет элдик эс алуучулар 20-августта капчыгайдын шаркыратма тилкесине эс алууга чыгышкан. Алардын бири 23 жаштагы И.У.У. аттуу адам бутун кокустатып алгандыгын “112” кызматына билдирген.
Жардам берүүгө нөөмөттөгү 5 куткаруучу түнү менен чыгып, алгачкы медициналык жардамын көрсөтүшкөн. Учурда абалы канааттандырарлык.
Эске салсак, ӨК министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен “Ала-Арча” паркына куткаруучулардан нөөмөтчүлөр коюлган.