• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Байден президенттикке талапкерлигин коюуга ниеттенип жатканын билдирди

11 Чын куран 2023 15:01 Бишкек Govori.TV

АКШнын президенти Жо Байден NBC телеканалына берген маегинде кийинки президенттик шайлоодо талапкерлигин коюуга ниеттенип жатканын билдирди.

Азырынча Ак үй бул боюнча расмий билдирүү жасай элек. АКШ президентин шайлоо 2024-жылы ноябрь айында өтөт.

Байден өз сөзүндө кийинки шайлоого катышууну пландап жатканын айтып, бирок азырынча ал жөнүндө расмий жарыя кылбай турарын билдирди. Ошол эле маалда Байдендин Ак үйдөгү кеңешчилери анын ыктымал шайлоо өнөктүгүнө карата даярдыгын улантууда.

Азырынча Демократиялык партия президенттик шайлоого талапкер болууга даяр башка саясатчыны көрсөтө элек. Демократтардын талапкерине Республика партиясынан өлкөнү 2017-2021-жылдары башкарган Дональд Трамп атаандаш болушу мүмкүн. Бирок ага карата мурдагы шайлоодо «шайлоо фондунун акчасын максатсыз пайдалануу жана көчөдөгү каршылык митингдерди колдоо» айыптарынын тагылышы беделине көлөкө түшүрүшү ыктымал экени айтылууда.

Келерки президенттик шайлоодо демократтардын талапкерине Флорида штатынын губернатору Рон Десантис да атаандаш болуп калышы мүмкүн экени кабарланууда.

Жо Байден АКШнын 46-президенти болуп 2021-жылы шайланган. Ал Кошмо Штаттардын тарыхындагы эң улгайган президент. Учурда 80 жашта.

Количество просмотров: 57