Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын туруктуу өнүктүрүү боюнча комиссиясынын төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Европа экономикалык комиссиясынын аткаруу комитетинин 120-кеңешмесинин катышуучулары Байсаловдун талапкерлигин жактырган. Иш-чара 2022-жылдын 6-7-апрелинде Женева шаарында (Швейцария Конфедерациясы) өтөт.Форумдун жыйынтыгы боюнча отчёт даярдалышы күтүлүүдө.
Бул документ 2022-жылдын июлунда Экономикалык жана социалдык кеңештин алдында Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумдун алкагындагы маалымдама документ катары колдонулат.