• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Байсалов: COVID-19 инфекциясы күчөшү ыктымал

15 Бештин айы 2021 9:54 Бишкек Govori.TV

Өлкөгө COVID-19 каршы 1,5 млн доза «Sinopharm» вакцинасы жеткирилди. «Манас» эл аралык аэропортунда Кытай Эл Республикасынан келген гуманитардык жардам тапшырылды.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Эдил Байсалов кыргызстандыктарга кайрылып, өнөкөт оорулары бар жарандарды эмделүүгө чакырды.

«Биз келерки жылдын орто ченинде жаңы «omicron» штаммынын пайда болушун күтүүдөбүз. COVID-19 инфекциясынын күчөшү ыктымал жана ага чейин жарандар эмдөөдөн өтүүгө үлгүрүшү керек. Өнөкөт оорулардын болушу эмдөөгө каршы көрсөткүч болуп саналбайт, тескерисинче, жарандардын бул категориясы тобокел топко кирет жана алар биринчи кезекте эмдөөдөн өтүшү керек», — деди ал.

Количество просмотров: 331