• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Байсалов: «Дүйнө элине кыргыздар – эң күчтүү, өлкөбүздүн чемпиондору менен сыймыктанат!»

15 Аяк оона 202211:54 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрүн салтанаттуу тосуп алуу аземинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

«Мен жалпы мекендештерди балбандарыбыздын жеңиши менен куттуктайм. Дүйнөнүн 7 миллиард элинин арасында кыргыздар – эң күчтүү, өлкөбүз чемпиондорубуз менен сыймыктанат. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын спортчуларына жана машыктыруучулар курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин саламын жолдойм. Бул эгемендүү өлкөбүз үчүн чоң жеңиш жана жетишкендик», — деди Байсалов.

Кошумчалай кетсек, кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Бишкекке 17-сентябрда, ал эми эркин күрөш боюнча курама командасы 2022-жылдын 20-сентябрында келет.

Количество просмотров: 165