• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Байсалов депутаттардан кечирим сурады

13 Аяк оона 2023 10:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-сентябрда ЖКнын жалпы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутаттардан кечирим сурады.

«Эл шайлаган депутаттардын макамына, Жогорку Кеңештин конституциялык укуктарына жана милдеттерине шек келтиргенге укугум да ниетим да жок болгон. Саясатта, коомдук турмушта басып өткөн жолумда дайыма элдик бийлик, демократия, ачык талкууну колдоп келгем. Ошондуктан эмоцияга алдырып, ашыкча сөздөрдү айтканым үчүн расмий түрдө кечирим сурайм. Баарыбыз биргеликте президенттин саясатын колдоп, бийлик бутактары конструктивдүү иш алып барабыз деп ишенем», — деди Эдил Байсалов.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш июнь айында Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү тууралуу токтом кабыл алган. Парламенттеги “Ишеним”, “Ата Журт-Кыргызстан” фракциялары жана “Мекенчил” депутаттык тобу анын отставкасын кароо демилгесин көтөргөн.

Количество просмотров: 627