• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Байсалов эмне үчүн отставкага кетиши керек?

21 Кулжа 2023 13:51 Бишкек Govori.TV

Парламенттин 21-июндагы жыйынында депутаттар Айбек Осмонов, Эрулан Көкүлов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун оставкасы тууралуу маселе көтөрүштү. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев  Байсалов аткаруу бийлиги Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирүүгө укугу жок экенин белгилеп, анын кызмат абалын кароого убакыт келгенин айтты.

Кечээ Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында эл өкүлдөрү менен Эдил Байсаловдун ортосунда кайым айтышуу орун алган.

Депутат Эмил Жамгырчиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун ишин сындаган. Ал токтомдо көрсөтүлгөн бир дагы пункт аткарылбаганын белгилеп, Байсалов сын-пикирди туура кабыл алышы керектигин кошумчалаган.

Байсалов министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана мүнөздө экенин айткан.

Байсалов эмне үчүн отставкага кетиши керек? деген суроонун айланасында депутаттардын пикирин уктук…

Количество просмотров: 170