• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

«Мамлекет 1 тыйын пенсия карыз эмес». Байсалов карылык үчүн акча топтоо кеңешин берди

11 Чын куран 2022 14:18 Бишкек Govori.TV

Биздин өлкөдө социалдык төлөмдөрдү төлөөчүлөр аз. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эдил Байсалов пенсиялык системаны реформалоо жана 2023-2026-жылдарга милдеттүү медициналык камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясынын долбоору боюнча парламенттик угууда билдирди.

Анын айтымында, социалдык төлөмдөрдү негизинен ири компаниялар түзөт.

«Базардагы сатуучулар, мигранттар, дыйкандар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна да, Социалдык фондго да эч нерсе төлөшпөйт. Биз учурда иш алып баруудабыз пенсиялык камсыздандыруучу полисти оңой жана баардык жарандарга жеткиликтүү кылууга. Бизде азыр көп төлөөчүлөр жок. Биз жарандарга мамлекет аларга 1 тыйын пенсия карыз эмес экенидигин туура түшүндүрүп, канчалык эртерээк өз пенсияңа акча топтоп баштасаң ошончолук жакшы боло турганын түшүндүргүбүз келет», — деди ал.

Эдил Байсалов белгилегендей, концепцияга ылайык, пенсияга чыгуу үчүн айрым жеңилдиктерди алып салуу чаралары этап менен ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, Социалдык фонд жарандарды мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгарууга тыюу салууну сунуштоодо. Аталган башкармалыктын төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаеванын айтымында, жыл сайын жаңыдан келген пенсионерлердин 50 пайызы пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыккандар түзүшөт.

Количество просмотров: 556