Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна президент Садыр Жапаров сунуштаган Талант Имановдун талапкерлиги каралууда.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Жеңишбек Токторбаев Талант Имановдун буга чейин кармалып кылмыш иши козголгонун айтып, суроо узатты.
Ага жооп береген Иманов андай учур болбогонун билдирип, камакта жатпаганын айтты.
Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бул тууралуу кеп козгоп, депуаттардын пикирне жооп берди.
«Азыр Кыргызстанда камалбаган деле саясатчы калган жок. Бардыгыбыз, мына мамлекет башчыдан баш болуп соттолуп да, керек болсо бир айлапда, бир жылдап да ушул жерде шектелип… Мындай оңой болуп калган да… Ошондуктан, биздин жаш талапкердин атына өтө эле көп шектер айтылып жатат. Жогорку Кеңеште текшерилбеген «бир ай камалып чыккансың» деген маалыматтар айтылып жатат. Бул эми калп, мындай факт болгон эмес. Болсо болгондур балким, бирок сот тарабынан күнөөлүү деп табылбагандан кийин президент тарабынан ишеним көрсөтүлүп жатат. Учурда жоопкерчиликтин баары президентибиздин мойнунда. Ошондуктан ал киши өзү да таразалап көргөндүр. Жогорку Кеңешке алып келинип жаткандан кийин менин оюмча текшерүүдөн өткөн», — деди Байсалов.
Басаловдун жообун сынга алган депутат Айбек Маткеримов: «Чоң кызмат кызматка баруу үчүн бардыгы камалып чыгыш керекпи, же ошондой критерий киргизип койдуңуздарбы. Жоопторду берип жатканда ойлонуп бериңиздер», деди.