• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Байсалов мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоорлорго түшүндүрмө берди

2 Кулжа 202515:19 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министр Эдил Байсалов мамлекеттик тилдин макамын бекемдөө боюнча реформаларга токтолуп, Конституцияда орус тили расмий тил катары бекитилгенин эч ким унутпашы керектигин белгиледи

Байсалов мамлекеттик тилди колдонуу боюнча мыйзам долбоорлорго түшүндүрмө берди.

“Кеп тилибизди өнүктүрүү, «Кыргыз жараны» деп кабыл алынган жарандык концепцияга көп улуттуу элди интеграциялоо жөнүндө болуп жатат. Ийгиликтүү мамлекеттик реформалардын арты менен мамлекеттик тилдин кадыр-баркы өсүп жатат. Көптөгөн документтер кыргызча жазылып, жыйындар, конференциялар өтүүдө. Мындан 10 жыл мурун муну элестетүү мүмкүн эмес болчу. Мыйзам долбоорунда министрлер кабинети аныктаган мамлекеттик тилге карата талаптар тууралуу сөз болот. Мындан 2-3 жыл мурун тил билбегендердин баары кызматтан алынат деп айтышкан. Бул да туура эмес, анткени кесиптештерибизге болгон мамилебиз жакшы», — деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Количество просмотров: 158