• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Байсалов: «Омикронду» мекемелерди жана мектептерди жабуу менен токтото албайбыз

19 Үчтүн айы 202217:03 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Учурда «омикрон» штаммы бүт өлкөгө тарады, мекемелерди жана мектептерди жабуу менен аны токтото албайбыз», — деген пикирин билдирди.

Анын айтымында, жакында алгоритмдер өзгөртүлүп, ПЦР-тест алуу токтотулуп, бир-эки баладан COVID аныкталса мектептер жабылбайт.

«Бүгүнкү күндө «омикрон» штаммы ар бир үй-бүлөгө, коомго, класска, жамаатка жетти. Бул боюнча бир канча алгоритмдерди өзгөрттүк. Азыр адистер ПРЦ-тест алуунун дагы кажети жок деп жатат. Чет өлкөлөр ушундай тажрыйба колдонуп жатыптыр. Сасык тумоолоп, жөтөлүп, дене табы көтөрүлө турган болсо ПРЦ-тест албастан эле коронавирус жуктурду деп эсептеш керек. Ушул жумада Республикалык штабда мурдагы алгоритм боюнча буйруктар өзгөртүлөт. Учурда биз тараптан саясий чечимдер кабыл алынды», — деди Байсалов.

Аны менен катар ал оору жайылып кеткендиктен мектептерди жапкан менен да пайда жок экенин белгиледи.

Количество просмотров: 56