• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Байсалов Швециянын Кыргызстандагы элчиси менен эмнени талкуулады?

29 Жалган куран 2023 15:16 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Швеция Королдугунун Кыргызстандагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Томас Данестадды ишеним грамотасын тапшырганына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Швециянын ортосундагы маданий-гуманитардык, соода жана өнөр жай кызматташтыгы жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле Европа Биримдигине төрагалык кылуучу өлкө катары Швециянын күн тартибиндеги артыкчылыктарды талкуулап, Борбор Азия менен Скандинавия мамлекеттеринин аймактар аралык кызматташуусун түзүү боюнча пикир алышты.

Өз кезегинде Швециянын Кыргызстандагы элчиси Томас Данестад Кыргыз Республикасы менен Швеция Королдугунун ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүгө даяр экендигин ырастады.

Количество просмотров: 64