Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов фейсбуктагы баракчасына пост жарыялап, анда социалдык тармактардагы фейк жана жалган маалымат менен күрөшүүгө багытталган мыйзамдык өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин айтты.
Байсалов Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык спортчуларга тамак-аш жетишпейт деген жалган маалымат тараткан бир нече жоопкерчиликсиз адамдардын аракеттеринен улам коомдук аң-сезимдеги диссонанс жана башаламандык пайда болгонун билдирген. Бул сөздөр негиз болгон видео эски жана Бишкекте өткөн Азия чемпионатына тиешелүү болуп чыкты.
«Мен муну демократ катары айтып атам. АКШ менен Европадагы демократиялар азыркы учурда өтө чоң кризиске дуушар болушканын бардыгыбыз көрүп турабыз. Ал жердеги коомчулуктун фрагментация менен радикализациясын ушул күндөрү Англиядагы ызы-чуулардан көрсөңүздөр болот. Сингапур жана Эмираттардагы катуу айып штрафтарды жана кылмыш жазаларды айтпай эле коеюн — мурдатан эле катуу тыйуу салынганын билебиз. Бирок азыр мына Англияда жана башка Европа мамлекеттеринде социалдык тармакта эмне жарыяласа болот жана болбойт деген мыйзам өзгөрүүлөр жана өкмөт демилгелери талкууланып жатат. Подрыв доверия к государственным институтам и внесение режима постоянного раскола общества, нарушение общественной гармонии — это угроза для демократии. Фейк маалымат таратуу жана ички жана сырткы жактан манипуляция мүмкүнчүлүгү — бул түздөн түз Эл бийлиги (демократия) үчүн коркунуч. Дагы бир жолу кайталайм, кеп ээн оздордо эмес. Мамлекеттүүлүгүбүз коркунучта!!!»,-дейт Байсалов.
Ал Парижден кайтып келгенден кийин бул жаатта мыйзамдык өзгөртүүлөрдү талкуулоону демилгелей турганын билдирди.