• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Байсалов өзүнүн ишине кандай баа берет?

17 Бирдин айы 202218:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Социалдык фонддун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётун бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Анын алкагында Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго «азыр өкмөттүн социалдык блогун жетектеп жатасыз, сизге чейин бул тармак кандай эле азыр кандай? Жылыштар болдубу?» деген суроо узатты.

Ал эми Байсалов төмөндөгүлөргө токтолду.

“Иштеп жатканыбызга 4 айдын жүзү болуптур. Абал жаман деп айта албайм. Мурдагы өкмөттөр колунан келишинче аракет кылышкан. Бирок, азыр жетекчилик абалды жакшырткыла деп жатат. Жыйынтык жөнүндө айтыш али эртедир. Биз жетекчиликтин ишенимин аткарганга аракет кылып жатабыз” ,– деди Эдил Байсалов

Количество просмотров: 132