• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бак-дарактардын зыянга учураганына байланыштуу аким менен прокурор кызматтан алынды

9 Баш оона 2022 17:07 Бишкек Govori.TV

Ташкенттин Чилназар районунун акими жана прокурору кызматтан алынды. Ишине жоопкерчиликсиз мамиле жасаганы үчүн Ташкент шаарынын башчысы Жахонгир Артыкхожаев менен шаар прокурору Улугбек Косимовго сөгүш жарыяланды.

Президенттик администрациянын жетекчиси Сардор Умурзаков 8-августта видеоселектордук жыйын өткөрүп, Чилназар көчөсүндөгү бак-дарактардын зыянга учурашын сындаган.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, 100дөн ашуун бак-дарактын зыянга учуроосу калктын нааразылыгын жараткан.

Буга чейин Ташкенттин Чилназар көчөсү оңдолуп, жол кеңейтилип, деңгээли бир метрге чейин төмөндөтүлгөн. Ошол маалда жол четиндеги бак-дарактардын тамырлары кыйылган.

Өзбекстандын Экология боюнча мамлекеттик комитети 45-98 сантиметр диаметрдеги 9 эмендин тамырына катуу доо кеткенин билдирди. Адистердин пикиринде, аларды сактап калуу мүмкүндүгү өтө аз.

Мындан тышкары дагы 90дон ашуун бак-даракка зыян келтирилген.

Коомчулуктун нааразылыгынан кийин Ташкент акимчилиги Чилназар көчөсүнүн долбоорун кайра карап чыгып, 6 тилкени 4 тилкеге чейин кыскартты.

Количество просмотров: 323