• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бакаева: Тренинг жаштарды бириктирди

5 Аяк оона 2022 10:34 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында жетинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан алдыңкы жаш лидер айымдар келген.

Алардын ичинен 19 жаштагы Акак Бакаева Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынан келген.

«Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экология факултетинде окуйм, студентмин. Ыктыярчы катары коомдук иштерге активдүү катышып келем. Бул мен үчүн жетишкендик. Мен өзүмдү ар тармактан сынап көргүм келет»,-деди ал.

Бакаева ошондой эле тренинг жаштарды бириктиргенин кошумчалады.

Количество просмотров: 67