23-24-25-январь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында 15-окутуу иш-чарасын өткөрдү. Бул жолу «Кыйын» борбор калаада өтүп Чүй, Талас жана Бишкек шаарынан келген 22 айым келди.
Тренингге келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар. Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.
Бул жолу тренингди “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Орозбай кызы, гендердик маселелер боюнча эксперт Римма Султанова, “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин социалдык илимдер факультетинин “Реклама жана коом менен байланыш” кафедрасынын башчысы, “ Медиа Карьера” оратордук өнөр мектебинин негиздөөчүсү, филология илимдеринин кандидаты, доцент Айнура Кабатай кызы, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун директору, социология илимдеринин кандидаты, доцент Ширин Костюк, Аялдардын мыйзам чыгаруу демилгелери альянсынын координатору Мира Карыбаева, эко-активист, медиа эксперт, тренер Исмаил Карыпов, алып баруучу, блогер Айзада Жамгырчиева жана башка өз тармагындагы адис айымдар өткөрүштү. Иш-чаранын аягында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Ал эми айымдар 3 күндүк тренингден кийинки өзүлөрүнүн пикирлери менен бөлүшүштү.