• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бакиевдер Лукашенкого кымбат баалуу пара бергендердин катарына кандай кошулган?

9 Бештин айы 2021 17:34 Бишкек Govori.TV

Беларус оппозициясы түзгөн BYPOL уюму өлкөнүн авторитардык лидери Александр Лукашенкого кымбат баалуу пара бергендердин тизмесин жарыялады.

Бул уюмдун өкүлү, Беларустун Тергөө комитетинин мурдагы башкы тергөөчүсү Игорь Лобан Минскиде жашаган Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүн Лукашенконун авторитардык режими кантип калкаларын айтып берди.

— Игорь мырза, Лукашенкого өзгөчө сый көрсөткөндөр арасында Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү бардыгын жарыяладыңар. Ал маалымат кайдан алынган жана канчалык так?

— BYPOL уюмунун Беларустун күч кызматтарында иштегендердин арасынан маалымат берип турган булактары бар. Алар дагы биздей эле Лукашенконун режимине каршы. Лукашенкого парага берилген автомобилдердин тизмеси колубузга тийди. Биз аларды карап отуруп, кымбат баалуу пара бергендер кимдер жана ал кандай мүнөздө экенин биле алдык.

Андан кийин алардын аты-жөнүн жарыялоо үчүн чакан иликтөө жүргүздүк. Андайлардын бири Курманбек Бакиевдин уулунун жубайы Айжан Кененбаева болуп чыкты. Бул жаран аркылуу Лукашенкого эки транспорт каражаты – Mercedes-Maybach S600 Pullman Guard М автомашинасы жана Harley-Davidson мотоцикли тартууланган. Экөөнүн баасы 1,5 миллион доллардай.

— Бул маалымат кайдан алынган жана канчалык так?

— Биздин колубузда Беларустун Ички иштер министрлигинин МАИ кызматынын расмий базасындагы маалымат бар. Кененбаеванын атынан берилген техника электрондук базада так жазылган. Андыктан бул жерде кандайдыр бир ката болушу да мүмкүн эмес. Эки транспорт каражаты тең бир күндө тартуу келишиминин негизинде Лукашенконун коопсуздук кызматына өткөрүлгөн.

— Айжан Кенебаева эмне максат менен анчалык кымбат баалуу белекти Лукашенкого берди деп ойлойсуз?

— Беларуста Лукашенкого мындай “тартуу” берүү эбактан бери эле калыптанган. Мамлекет менен тыгыз байланыштагы же кандайдыр бир артыкчылыкка ээ бизнес компания болобу, же кайсы бир кишилерби — аларды калкалаганы үчүн Лукашенкого ушундай кымбат сый көрсөтүшөт. Жогоруда аталган жаран дагы ошолордун бири деп түшүнсөк болот.

Албетте, пара берүүдө анын атын гана колдонушкан. Чынында ал Курманбек Бакиевдин кланынын, анын уулдары менен инилеринин атынан тартууланганы айтпаса да түшүнүктүү.

— 2018-жылы Айжан Кененбаева Лукашенкого пара берген маалда Беларуста жүргөн деп түшүнсөк болобу?

— Туптуура. Ошол маалда, тактап айтканда 2018-жылдын 11-июнунда бул келишим түзүлгөндө Кененбаева беларус паспорту менен келген. Башкача айтканда, Айжан Кененбаева Беларус Республикасынын жараны болгон.

— Демек, Айжан Кененбаева азыр деле Беларуста жашайт, ал өлкөнүн жараны деп айтууга негиз барбы?

— Аны жарандыктан чыгаруу үчүн кандайдыр бир негизди көрбөй турам. Албетте, мен азыр так кесе айта албайм. Анткени бул темага тереңдеп кирише элекпиз. Ошол эле маалда ал азыр дагы беларустун жараны жана беларус паспортун пайдаланып жүргөнүнө 99% ишенсек болот.

Качып кеткен президент Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен. Максим Бакиевге турмушка чыккан Айжан Чыныбаева (оңдо) четте турат.
Качып кеткен президент Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен. Максим Бакиевге турмушка чыккан Айжан Чыныбаева (оңдо) четте турат.

— Силердин колго тийген документтерден Кыргызстандын башка жарандарынын же кийин беларус жарандыгын алган кимдир бирөөлөрдүн аты-жөнүн көрө алдыңарбы?

— Биз бул темага тереңдеп кирише алган жокпуз. Минскиден башкалка тапкан Курманбек Бакиев беларус жараны экени баарыбызга эле белгилүү. Азырынча Бакиевдин кланын, деги эле Кыргызстан менен байланышты иликтөөгө чолобуз тийбей атат. Анткени беларустун кандуу режиминин жана диктатор Лукашенконун кылмышын иликтей турган ишибиз толтура.

— Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев да Беларуста жүргөнү тууралуу маалымат, алтургай видеолор жарыяланып калат. Демек, Бакиев Лукашенконун режимине жамынып алып, өз кланын алып келген деп айтууга негиз болобу?

— Ооба, сиз менен макулмун. Лукашенко Европадагы акыркы диктатор. Ал эл аралык алкактагы өзүнө окшогон кылмышкерлерге баш калка берген. Андыктан бул жерде таң каларлык деле нерсе жок.

— Мына Беларуста массалык нааразылыктын башталганына бир жарым жылдай болуп калды. Бакиевдердин үй-бүлөсүнө окшоп, кылган кылмышынын жоопкерчилигинен качып жүргөндөр Минскиде кокус бийлик алмашып кетсе эмне кылабыз деп коркушабы?

— Беларуста адилеттик жеңип, мыйзам менен тартип калыбына келгенде Минск башка мамлекеттердин жарандарын өткөрүп берүү өтүнүчүн улуттук мыйзамдарга ылайык караштырат. Албетте, азыр Беларуста баш калкалап жүргөндөр Лукашенконун бийлиги кулаганда аларды өткөрүп берүү тобокелдиги тоодой экенин беш колундай түшүнөт.

— Курманбек Бакиев бир өлкөнүн мурдагы президенти. 2010-жылы анын коопсуздугу үчүн башка да лидерлер кепилдик берген. Бирок анын кылмышка шек саналган бир туугандары Беларустун паспортун кантип алышкан?

— Курманбек Бакиев кандай алса ошондой эле Лукашенконун жарлыгы менен алышкан. Бакиев өзү Лукашенконун калкалоосунда тургандыктан анын кланы жана башка жакын кишилери да жарандык алуунун жолун табышкан.

Дагы бир мисал — Киевдеги Майданда күнөөсүз элди аткан Украинанын «Беркут» атайын тобунун бир катар кызматкерлери да беларус жарандыгын алган. Алар азыр беларус паспорту менен ээн-эркин ары-бери каттап, көбү беларустун ОМОНунун курамына кирген. Ошолор Минскидеги элдик толкундоону басканга катышты.

Лукашенко бийликте, армия, милиция анын колунда турганда Беларус башка мамлекеттер издөө салган кылмышкерлердин түнөгү бойдон кала берет. Лукашенконун режими кулагандан кийин гана аларды өз мекенине кайтарууга жол ачылат.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 99